super.kg logo
  Саясат  

КРнын Президентине караштуу тарыхый илимди өнүктүрүү комиссиясынын отуруму өттү

 

6-февралда президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин төрагалыгы менен КРнын Президентине караштуу тарыхый илимди өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өттү.

Отурумда комиссиянын бир жылдык ишинин жыйынтыгы чыгарылып, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын сактоого жана тарых илимин өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор каралды. Нарымбаев өткөн жылы мекендин тарыхын терең изилдөө жана жайылтуу максатында бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлгөнүн белгиледи.

“Кыргызстанда тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча көп иш аткаруу зарыл. Ал үчүн комиссиянын комплекстүү жана системдүү иши жана анын мүчөлөрүнүн өз ара тыгыз аракеттениши талап кылынат. Ошого жараша биз Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын изилдөө боюнча иштерди колдоого алууда артыкчылыктуу милдеттерди аныктап, Кыргызстандын тарыхы боюнча жаңы муун үчүн окуу китептерин жана фундаменталдуу илимий эмгектерди даярдоого жана басып чыгарууга тийишпиз”,- деди Нарымбаев.

Кеңешмеге комиссиянын мүчөлөрү, билим берүү жана илим министри Канат Садыков жана башкалар катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: