super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарыхый илимди өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү

 

6-февралда президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин төрагалыгы алдында КРнын Президентине караштуу тарыхый илимди өнүктүрүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Анда өткөн жылдагы комиссиянын ишинин жыйынтыктары чыгарылды. Мындан сырткары кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарын сактоого жана тарых илимин мындан ары өнүктүрүүгө багытталган 2014-жылдагы артыкчылыктуу долбоорлор каралды.

Данияр Нарымбаев 2013-жылы мекендин тарыхын терең изилдөө жана жайылтуу максатында бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, Борбордук Азияда кыргыз каганатынын түзүлүшүнүн 1170 жылдыгына арналган “Орто кылымдагы түрк элдеринин мамлекеттүүлүгү жана маданияты контекстинде кыргыз каганаты” Эл аралык II илимий конференция комиссиянын ишмердигинин алкагында  өткөрүлгөн негизги долбоорлордун бири болуп калды. Эл аралык конференциянын ишине дүйнөнүн 11 мамлекетинин өкүлдөрү катышкан.

Кеңешменин ишине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарыхый илимди өнүктүрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү, билим берүү жана илим министри Канат Садыков жана “Мурас” фондунун башкармалыгынын төрагасы Тынчтыкбек Чоротегин катышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: