super.kg logo
  Саясат  

Саруу. Буулган жол ачыла элек. Башка айылдын тургундары антимитингге даярданышууда

 

Саруу айылында буулган жол жабык бойдон калууда. Айылда төрт боз үй тигилип турат. Нааразылык билдирген эл талаптары аткарылмайынча жолду ачпай турганын айтууда. Бул тууралуу 7-февралда айыл тургуну Абай Узаков SUPER.KG порталына билдирди. 

Коңшу айылдын жашоочулары тосулган жол ыңгайсыздык жаратып жатканын жана алардын антимитингге чыгышары тууралуу пикирин айтып өтүштү. 

“Бизге каршы митингди райондун акими Замир Моңолдоров уюштуруптур. Уюмдарды, айыл өкмөттөрүн жана айыл элин “иштебейсиңер, антимитинг уюштурасыңар” деп коркутуп, элди алып келмек экен, бирок анысы ишке ашпай калды. Азыр унаа жолун бууп тургандар эки тарапка өтчү жүргүнчүлөрдү таксилер менен айыл ичинде бекер ташытып жатабыз. Жогорку Кеңештин кечээги чечимиин кандай түшүнсө болот? Кыргыз элин ойлогон балдар эмне болду? Азыр камалып жатат. Мыйзам карапайым калк үчүн эле иштеп жатат. “Кумтөр” кыргыз элиники”,- деди ал.   

Жол буугандарга каршы митинг Кызыл-Суудагы акимчиликте саат 11:00гө белгиленген эле. Ага Оргочор, Светлая Поляна, Ак-Дөбө, Жети-Өгүз, Ырдык, Липенканын жашоочуларынын катышуусу пландалган. Дархан айылындагы акцияга Барскоон, Тамга, Тосор, Жаргылчак, Ак-Терек, Жеңиш айылдарынан өкүлдөрдүн келиши айтылып жаткан.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: