super.kg logo

Ырчы, обончу Айбек Карымов бүгүнкү саясатты түздөн-түз сындаган “Айкөлүм Манас болгондо” аттуу терме жаратты

 

Ырчы Айбек Карымовдун аткаруусунда бүгүнкү күндө өлкөдө орун алып жаткан саясий оюндарды түздөн-түз сындаган “Айкөлүм Манас болгондо” аттуу терме жарык көрдү. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 7-февралда SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, чыгарма бүгүнкү күндө өлкөдө орун алып жаткан теңсиздикке, бөлүнүүлөргө күйгөндөн улам жарык көрдү. “Муну терме деп койсо болот. Кубат Жакыповго таандык. Иштеп чыгып, жаздырганыма көп боло элек. Акындардан Шайлообек Дүйшеев угуп, “жакшы болуптур, эл сөзсүз угуш керек экен” деген баасын берди. Айрым радиолорго алып барсам, “тексти курч экен” деген маанидеги сөздөрдү айтып, албай коюшту. Саясий кысымдардан коркушса керек” деп кошумчалайт ырчы.

 

Терменин тексти:

"Айкөлүм Манас болгондо"

Атаӊдын көрү дүнүйө,

Адашып минтип турганда,

Айкөлүм Манас болгондо,

Калкыма кандай иш болмок,

Коррупция дегенге,

Кагыла турган шиш болмок.

“Түндүк-түштүк” дегендин,

.үшүрө чапмак түндүгүн,

Бөксө мээлерге жеткирмек,

Бөлүнбөс кыргыз бирлигин.

Эсине салмак элинин,

Эзелки кыргыз кимдигин.

Ак сакал Бакай болгондо,

Камчысын кезеп бийикке,

Моминтип айтмак өз сөзүн:

«Бөлүнбө, кыргыз, бөлүнбө,

Бөлүнсөӊ бөрү жеп кетет.

Бөлүнүп жатат кыргыз деп,

Бөлөк элге кеп кетет».

Кан Кошой келсе бул күндө,

Каӊырыгы түтөмөк.

Кара жемсөө далайды,

Коргонго айдап киргизип,

Кокосун кысып, бүтөмөк.

Кыргылчалдын тукумун,

Кылыч менен каӊдамак,

Абыке-Көбөш балдарын,

Ач буурадай чайнамак.

Алмамбет азыр болгондо,

Кытайдын жолун торгомок,

Кылыйып күлгөн кытмырдан,

Кыргызды күн-түн коргомок.

Акбалтанын Чубагы,

Арстандыгын билгизмек,

Алтыныӊ талап жатканды,

Айылына кууп киргизмек.

Эр Семетей болгондо,

Тентибейт эле журтубуз.

Уланат болчу бузулбай,

Улуудан калган уркубуз.

Эламандын сырттаны,

Эр Төштүк азыр болгондо,

Жерди тешип кен казган,

Жетесиз далай жемкорду,

Наркескенин кайрамак,

Жер алдында жайламак.

Чайкоочу мойнун күрмөтмөк,

Чалкуйрукка сүйрөтмөк.

Эр Табылды болгондо,

Эл ичин чыкмак аралап,

Кыргызды ичтен ириткен,

Каны бузук кай бирөөн,

Тамга басмак артына,

Көндүрмөк кыргыз салтына.

Буроолорун бурамак,

Бушманы болсо сурамак.

Коктуга бөлбөй кыргызды,

Кылымдык кылып кынамак.

Курманбек эгер келгенде,

Аты уйкашын таптырмак,

Абактыга жаптырмак.

Ачуусу келсе кокустан,

Ак үйүнүн алдына,

Аттырмак же астырмак.

Партияларды жыйнамак,

Арасында алардын,

Арам тамак, бок курсак,

«Аӊгилердин» далайын,

Алты бакса коргондон,

Ары-бери аттатып,

Алаасын айрып, кыйнамак.

Жол буугандарды жоготмок,

Тили узун кээ бир айымды,

Тикенекке бөлөтмөк.

Түштүктү бөлөм дегендин,

Түйрүп коймок бир жерин.

Телторусун теминип,

Токтотмок эле Курманбек,

Тексиздердин үргөнүн.

Ормон хан бүгүн келгенде,

Ордону бекем түптөмөк,

Ой терметип түн күзөп,

Осуятын күчтөмөк,

Ойт бермелерди карматып,

Омурткасын бүктөмөк.

Үзөңгү-Кууш, Каркыра,

Энчиси болмок кыргыздын,

Катылам десе кай бирөө,

Катыра жемек бир муштум.

Кан Жантай, Шабдан болгондо,

Калыстык туусун сайышмак,

Казакка кеткен жерлерди,

Кадиксиз кайрып алышмак.

Алымбек датка болгондо,

Кокондук артын кыпчытмак,

Анжияндык туугандар,

Атам кыргыз деп чыкмак.

Курманжан датка энебиз,

Кутманы болмок элинин,

Кул-кутанга тепсетпей,

Кулпусу болмок жеринин.

Ач көздөрдү айдамак,

Алайлык эмес алдына,

Алымбек датка келсе да,

Арам оокат жыйгандын,

Артына колун байламак.

Акыл, күчүн, намысын,

Ак калпак элге арнамак.

Энеси болмок кыргыздын,

Эртеӊин туймак турмуштун.

Калыгул атам болгондо,

Айтканым келген экен деп,

Көп кайгырып ыйламак,

Көсөлдөрдүн баарысын,

Көтмалдыга жыйнамак.

Аргымагын темине,

Акылын айтмак элине.

Дегенин толук болтуртмак,

Алтыны эмес Кум-Төрдүн,

Кумун да кайра толтуртмак.

Адилдик үчүн күрөшмөк,

Кыргызы минтип турганда,

Отурбайт эле күнөстөп.

Акелер келсе чогулуп,

Кул болбойт элек курсакка,

Баш салбайт элек кылтакка.

Тентибейт эле элибиз,

Тешилбейт эле жерибиз.

Бузулбайт эле элибиз,

Булганбайт эле көлүбүз.

Сарт болбойт элек сатынган,

Калк болбойт элек ачынган.

Биримдик үчүн турмакпыз,

Биригип оокат кылмакпыз.

Эр жигит элин коргомок,

Энелер пейлин оӊдомок.

Аталар чыкмак насилдүү,

Айтканы болмок таасирлүү.

Жакшылар журтту баштамак,

Жазылбайт беле каш-кабак.

Айланбайт элек чөөткө.

Алданбайт элек жөөткө.





 
 Кыстарылган аудио 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(24)
07.02.2014. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элди кыдырып концерт берет экенда эми Айбек байке
07.02.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эн сонун ыр болуптур. Ушундай ырлар коп коп болсо. Ракмат!!!
07.02.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ээ уже ырчылар саясатка аралаша башташканбы, бирок бул ырда бийликти жамандабай эле, о опазицияны кобурок жамандаптыр, кантсе да адилеттулукту издеп жаткан ырчы экен.
07.02.2014. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Soz jok, chygarmachylyk iygilik!!!
07.02.2014. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр Бакиев болгондо ... болгон саясатты б...н чыгармак деген жери калып кетиптир
Модератор admin_superstan түзөттү 07.02.2014 14:35
Медиа-портал
07.02.2014. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
+5 супер
Медиа-портал
07.02.2014. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сонун!
Медиа-портал
07.02.2014. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Тузук байке ен жакшы,бирок тее качанкы Манасты ескере бергенинер жакпайтда.кайрылып келмек беле.андан коро азыркы заманбап в оружонный Манас керек бизге.бул жеке коз карашым.
07.02.2014. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атамбаев азыр болгондо
КыргызГаз Кумтор,Кыргызды
Чогултуп оптом баардыгын
Орусияга кош колдоп туруп тапшырмак
Бакиев азыр болгондо
Бардыгын топтоп чакыртмак Жаш карысын карабай
Баш которгон биросун
Снайпер менен так чыкыйга аттырмак
Акаев азыр болгондо
Тили менен Алатоону омкормок
Кыргызтан жалпыбыздын уйубуз деп туруп
Жанкечти качкын шпионду
Ало-Тоого топтомок
Мелисим азыр б
Модератор admin_superstan түзөттү 07.02.2014 18:47
07.02.2014. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3

Мелисим азыр болгондо
Оштогу мосту ондомок
Жабылып жалпы ош журтту
Мелистин озун колдомок....
Медиа-портал
07.02.2014. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев азыр болгондо
КыргызГаз Кумтор,Кыргызды
Чогултуп оптом баардыгын
Орусияга кош колдоп туруп тапшырмак
Бакиев азыр болгондо
Бардыгын топтоп чакыртмак Жаш карысын карабай
Баш которгон биросун
Снайпер менен так чыкыйга аттырмак
Акаев азыр болгондо
Тили менен Алатоону омкормок
Кыргызтан жалпыбыздын уйубуз деп туруп
Жанкечти качкын шпионду
Ало-Тоого топтомок
Мелисим азыр б
Медиа-портал
07.02.2014. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мелисим азыр болгондо
Оштогу мосту ондомок
Жабылып жалпы ош журтту
Мелистин озун колдомок....
Медиа-портал
08.02.2014. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kanybek_kg, рахмат соонун соз токупсун сага кошулам. чындыкты билген адам экенсин!
07.02.2014. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакиев азыр болгондо,
Балпайып тордо олтурмак.
Азыркы сасык бийликтин,
Энесин гана ай окутмак...
Медиа-портал
08.02.2014. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каныбек сен да Айбек байкеге жетейин деп калгансын го.Чымынын бар экен азамат.Ал эми мурунку Манасты эскерип не кыласын дегендерге айтаарым--Ошол Манас атабызга окшогон баатырларыбыз бар болгон учун биз тилибизди,салт-санаабызды ж.б. жоготпой мамлекет катары калыптанып жашап келатабыз.Болбосо тарыхта канча деген элдер жок болуп кеткени белгилуу.Азыркы бардак заманды ошол баатырларыбыз аман болгондо тартипке салмак деген ойдо туйшолуп чыгарган ыры экен Айбек байкенин.
Медиа-портал
08.02.2014. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин чондорго сабак боло турган ыр экен
Медиа-портал
08.02.2014. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизди чондорго эки жолу п азыр арким озун ойлогон заман болуп калган
Медиа-портал
08.02.2014. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбек байкенин уну ото уккулуктуу, мен абдан кубанычтамын кайра чыга баштаганына. жалан ушундай ырларды ырдашыныз керек экен сизге.
Медиа-портал
08.02.2014. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырдын авторун жазбаптырго?
Медиа-портал
10.02.2014. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a4uu 4yndyk boluptur!eh 4yny owondoi bolso kana!!!bul yry mn bir elestetip aldym
11.02.2014. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында патриоттук терме болуптур. Айбек, мырза азаматсыз. Сизге чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз!!!
25.02.2014. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой ой тим эле сонун ыр болуптур жыргап чындыкты окуп кулуп алдым....ак уйго барып угузуп коюш керек бул ырды биздин элди ойлоп олтурган инсандарга..
06.03.2014. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырдап чыгат бекен комуз меенен ырдаса ото сонун болот
Медиа-портал
30.05.2014. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбек байке Анжияндык туугандарданбыз,атам кыргыз, уруум мундуз деб эле журобуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: