super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте 7 жылдан бери электр жарыгысыз жашаган жаңы конуштун тургундары нааразычылык акциясына чыгышты

 
"Адилет" жаңы конушунун активисти К. Аттокурова Энергетика министрлигинин өкүлү менен сүйлөшүүгө барганда, конуштун тургундары аны кыңк этпей мекеменин ичинде күтүп отурушту
Акциянын уюштуруучусу, активист К. Аттокурова "Адилет" жаңы конушунун тургундарына арыздын көлөмүн түшүндүрүп берип жаткан учуру
КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин атына жазылган арызга кол топтолуп жаткан учуру
КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин атына жазылган арызга кол топтолуп жаткан учуру

2006-жылдан бери тартып электр энергиясы жана ичүүчү таза суусу жок жашап келген Адилет жаңы конушунун тургундары бүгүн, 7-февралда Энергетика жана өнөр жай министрлигинин астында нааразычылык акция жүргүзүштү.

Иш-чаранын уюштуруучусу К.Аттокурова Энергетика министрлигинин өкүлү Марат Чолпонкулов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Андан соң конуштун тургундары министрдин атына арыз жазып, кол топтоп келүү керектигин айтышты.

“Жаңы конушта 350гө жакын үйдө 1,5 миңдей адам жашайт. Көптөн бери “бизге жарык керек” деп бийликке кайрылып келе жатабыз. Бирок аткаминерлер биздин көйгөйүбүзгө көңүл бурбай жатышат. 2011-жылы “Электросила” жеке ишканасынын жетекчиси Али Водянов конушубузга келип, “жарыкты улап берейин” деген. Бирок прокуратурадан ага бут тосуулар болгондуктан, иш токтоп калды. Учурда шамдын жарыгы менен жашап жатабыз”,- деди Аттокурова.

Адилет жаңы конушунун тургундары жерге, ижарага жана кыймылсыз мүлккө салык төлөбөгөнү белгилүү болду. Электр энергиядан тышкары аларда суу жана унаа жүрүүчү түз жолдор негизги көйгөй болуп саналат.

Белгилей кетсек, Бишкектин түндүгүндөгү аталган конуштун аймагы 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин мыйзамсыз басылып алынган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: