Ольга Лаврова: “2013-жылы мамлекеттик кызматта иштегендердин маянасын көтөрүүгө 1 миллиард 92 миллион сом сарпталды”
Бүгүн, 7-февралда “Ар-намыс” фракциясынын жыйынында каржы министри Ольга Лаврова “2013-жылы мамлекеттик кызматта иштегендердин маянасын көтөрүүгө 1 миллиард 92 миллион сом сарпталды” деп билдирди.
Анын айтымында, бюджеттен каржыланган 39 785 кызматкердин айлык маянасы көтөрүлгөн. Соттордун маянасы 85 пайыз, муниципалдык кызматта иштегендердики – 80 пайыз, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтагылардыкы – 74 пайыз, Башкы прокуратурадагылардыкы – 60 пайыз жана мамлекеттик кызматта иштегендердин маянасы 60 пайызга жогорулаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

