super.kg logo
  Саясат  

Доскул Бекмурзаев: “Москвадагы кыргызды кыргыз талап, тыткылап жатат”

 

Бүгүн, 7-февралда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин 2013-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурумунда аталган мекеменин статс-катчысы Доскул Бекмурзаев “Москвадагы кыргызды кыргыз талап, тыткылап жатат” деп билдирди. 

“Бул тууралуу бизге Орусияда эмгектенген мекендештерибиз өздөрү айтышты. Алардын айтымында, Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар жердештерине патенттерди сатышат”,- деди ал. 

Мындан сырткары чет мамлекеттерде министрликтин өкүлчүлүгүн ачуу процессин тездетүү керектигин белгилеп өттү. “Өкүлчүлүктөрдү ачсак биздин мигранттарга байланыштуу маселелердин басымдуу бөлүгү чечилмек. Жарандарыбыздын чет өлкөдөгү жашаган жерин, жумуш менен камсыз болуусун жана билим алуусун жөнгө салмакпыз. Азыркы тапта КРнын Тышкы иштер министрлигинин айынан пландын ишке ашыруу токтоп турат”,- деди статс-катчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: