super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт: Ош жана Бишкек шаарларын байланыштырган диспетчердик борбор ачылат

 

Бүгүн, 7-февралда вице-премьер-министр Токон Мамытов, ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Сергей Капинос жана Женевадагы Аскер күчтөрүнө демократиялык көзөмөл борборунун башчысынын орун басары Филипп Флури Бишкек жана Ош шаарларында диспетчердик борбор (аймактарды байланыштырып видеоконференция уюштурууга керектүү каражаттар менен жабдылган бөлмө) ачуу аркылуу кризистик башкаруу системин жакшыртуу боюнча түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

“Меморандумга кол коюшуңуздар менен куттуктайм. Ишке ашууга багытталган демилге өзүнүн оң натыйжаларын берет деп ишенем. Аталган долбоор Кыргызстандын аймагында кризистик кырдаалдарда ыкчам аракет кылууга, аймактын деңгээлинде тиешелүү чечимдерди тез арада кабыл алуу үчүн министрлер кабинети менен on-line тартибинде кеңешмелерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет”,- деди Токон Мамытов.

Долбоордун наркы 100 миң евро. Мындай бөлмөлөрдүн бири өкмөт аппаратында, экинчиси Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө ачылат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: