Украина: Президент Виктор Януковичти кайтаруу күчөтүлдү

Украинада
президент Виктор Януковичти кайтаруу күчөтүлдү. Муну чет элдик ММКлар
Украинанын Мамлекеттик күзөт башкармалыгындагы булакка шилтеме берүү менен
жарыялашты.
Автор: Автандил Добулбеков
“Президентти кайтаруу күчөтүлдү. Өлкө башчыга киргендер дыкат кароодон өткөрүлүп, документтери да кылдат текшерилүүдө”,- деп билдирет булак.
Өлкө башчы барган жерлерге чогулган жарандарга уюлдук телефон, видеокамера жана диктофон колдонууга тыюу салынды. Мындай кадам өлкөдө кырдаалдын курчушуна байланыштуу жасалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

