Эркин Алымбеков депутаттык мандатын тапшыруу үчүн БШКга арыз берди

Жогорку Кеңештин
депутаты Эркин Алымбеков мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына
арыз берди. Муну депутат өзү 7-февралда журналисттерге билдирди. “Эми депутат
эмес, катардагы жаран катары “Кумтөр” маселеси боюнча элдин кызыкчылыгын
коргойм”,- деди депутат.
Автор: Автандил Добулбеков
Эскерте кетсек, парламентте 5-февраль күнү “Кумтөр” боюнча өкмөттүн меморандуму каралып жатканда Эркин Алымбеков “өлкө кызыкчылыгына жооп бербеген бул келишим парламентте колдоо тапса, мен депутаттыктан кетем” деп билдирүү жасаган эле. Меморандум 6-февралда Жогорку Кеңеште колдоо тапты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-3

