Чыныбай Турсунбеков: "Бажы биримдигине кошулуу Кыргызстандын экономикасы үчүн өтө олуттуу сыноо болуп саналат"
Бүгүн, 7-февралда КСДП фракциясынын жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине (ББ) кирүү маселеси каралды.
Анда фракциянын башчысы Чыныбай Турсунбеков ББга кошулуу Кыргызстан, анын экономикасы үчүн өтө олуттуу сыноо болуп санала турганын баса белгиледи. Бул боюнча өкмөт өкүлдөрүнө анын оң жана терс жактарынын катышы тууралуу суроо узатты.
КРнын Премьер-министринин кеңешчиси Олег Панкратов эгер ББга кирүүдө Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы сакталып, кандайдыр бир мөөнөткө преференциялар берилсе, анда оң жагы көп болорун айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

