super.kg logo
  Саясат  

"Ата мекенчи" Эркин Алымбеков V чакырылыштагы депутаттардын ичинен алгачкылардан болуп мандатынан баш тартты

 
Жогорку Кеңештин депутаты Эркин Алымбеков бүгүн, 7-февралда депутаттык мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Парламенттин 5-февралдагы жыйынында депутат "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштап жаткан меморандум кыргыз элинин кызыкчылыгына жооп бербейт. Бул меморандум Жогорку Кеңештен колдоо таап кетсе, мен депутаттыктан кетем" деген эле. Буга чейин өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча үлүштү 67 пайызга жеткирүү мүмкүн эмес экенин, эгер 67 пайызга жеткирем деген бирөө чыкса, ордун бошотуп бере турганын айтып келген. 
Парламент жыйынында депутат Алымбеков: "Мен үлүштү 67 пайызга жеткирем. Мага премьерликтин кереги жок, вице-премьерлик статус бергиле, 1 жылда үлүштү 67 пайыз кылам, анте албасам мени камасын",- деп билдирди. Бул ортодо "Республика" фракциясы да азыркы өкмөт кетсе, үлүштү 67 пайыз кылууга мүмкүн экенин жарыялады. Бирок Сатыбалдиев "67 пайыз кыла алам деген адам чыкса, ордумду бошотуп берем" деген сөзүнө турган жок. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: