Транспорт министрлиги: Азыркы тапта республикада 17 авиакомпания иш алып барат
Азыркы тапта республикада 17 авиакомпания иш алып барат. Алардын 6сы жүргүнчүлөрдү ташыйт. Ал эми калгандары жүк ташуу менен алектенишет. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиялык жыйынында белгилүү болду.
Маалыматка караганда, 2013-жылда 23900 регулярдык каттамдар тейленди. Бул 2012-жылга салыштырганда 5862 каттамга же 32,5 пайызга көп.
Айта кетсек, бүгүн, 7-февралда КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинде коллегиялык жыйын өтүүдө. Анда министрликтин 2013-жылдагы жыйынтыктары жана 2014-жылда аткара турган иштери талкууланып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

