super.kg logo
  Спорт  

Сочиде кыргыз байрагын спортчу Дмитрий Трелевский көтөрүп чыгат

 
Олимпиаданын ачылышына карата эки жарым сааттык программа даярдалган. Ал ортодо Орусиянын президенти Владимир Путин Олимпиаданы ачык деп жарыялайт.
Ачылыш аземинде ырдай турган ырчыны элдер "Тату" тобу, Григорий Лепс сыяктуу белгилүү ырчылардын ичинен издеп жатышакан. Акыры бул милдет Анна Нетребкого жүктөлдү.

“Сочи-2014” Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн 3-февралда Сочиге учуп кеткен кыргызстандык спортчу Дмитрий Трелевский бүгүн, 7-февралда “Сочи-2014” Олимпиадасынын ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгат. Бул тууралуу Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов Сочиден кабарлады.  

Маалыматка ылайык, Олимпиаданын ачылыш аземи саат 10дон 14 мүнөт өткөндө башталат. Ачылыш аземинде кыргыз туусун Дмитрий Трелевский көтөрүп чыгат. Аны коштоп машыктыруучусу Игорь Борисов, Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов, команданын уюштуруучусу Саламат Эргешов чыгат. Ачылыш аземине өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин катышары да күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, Олимпиаданын ачылышы Бишкек сааты боюнча 22:14тө орун алат (Орусияда бул учурда 20:14 болот). Анын ачылышында олимпиадалык гимнди опера ырчысы Анна Нетребко аткарат. Ачылыш аземинин эки жарым саатка созулары күтүлүүдө.   

Эске салсак, кыргызстандык спортчу Дмитрий Трелевский Сочи Олимпиадасында 3 ыкмада тоо-лыжа спорту боюнча таймаштарга катышат: 16-февралда Трелевский супергигант түрү боюнча жарышка катышат. 19-февралда гигант слалом боюнча күч сынашат. Ал эми акыркы жыйынтыктоочу старт тоо-лыжасынын слалом түрү боюнча жарыш 22-февралда болот. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
07.02.2014. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дадин намысты бербе!!! Алга KG
07.02.2014. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озу Кыргызстандан бир гана ушул спортчу катышып атса,башка дагы ким которуп чыкмак эле кыргыз туусун.Башка эч кандай айла жок да !!!
07.02.2014. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аттин биздикилер качан спортко конул бурат? бирок мамлекет деп олтура бербей, олко жарандары да спортко активдуу болушу керек, жарандык активдуулук ар бир жумушта, иш аракеттерде кучтуу болсо, мамлекетибиз да кучтуу болот!
07.02.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ийгилик менен кайтып келсин эми.Кыргызстанда кучтуу спортчулардын жоктугу,спортко жакшы конул бурулбай жатканы окунучтуу .
07.02.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик каалайлы
07.02.2014. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андан башка ким котормок эле кызыкча жаза бересинер как буто 20адам катышмаксып ой тообо десе Атамбайга бергиле ошо которуп чыксын ошака кеттиптирго уят эле кантип отурат болду кен АША республика кыргызстан деселе бир спортсмен мамилекет спортко конул бурса болмок ак уйдо отуру алып катынчасынан биринкин бири чукубай атин ай кайдале баражатат уялбастан дагы коргону барып алыптыр ииииииийй беттим
07.02.2014. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ши кылса маарага жетсен болду, анан "Кырггызстандык спортчу маара сызыгына жетпей калды" деген кабар окуп журбойлу )))
07.02.2014. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jiide.8792, brat_kuba ekoonor norma jazypsynar koshulam)))))))) hahaha, kazakstandan oto kop adam katyshyp atyptyr biz oto ele artta ekenbiz ar jagynan, mamlekettin bir ele jagynan baikap koiso bolso onukkon je onukbogon mamleket ekenin ushuga okshogon olimpiadadan, bul olimpiada oto chon oto soonun nerse aila jok bashka sportsmenderge baleitetip koropbuzda bizdin sportchularybyzga kachan baleitetip korup kalabyz ehhh abdan okunuchtuu((((
08.02.2014. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантсе да жоктон коро жогору! ушуга да шугур кыла туралы балким буйурса кийинки олимпиадада кобуроок спортсмен жана жакшы жыйынтык коргозо алаарбыз
09.02.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбызталаалап россияда, дубайда, турцияда баардык жакта тентип журсок анан ким катышып спортко желек которуп чыкмак эле. Колунардан эчтекекелбейт анан суйлойсунор москваны доодуроп!
10.02.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AIZAD, сунушуңуз эске алынып, кабардын аталышы өзгөртүлдү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: