super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

 

Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.

Аталган документ күрөөгө коюлган турак жай жеке адамдын жалгыз турак жайы болсо, күрөөнүн предметин соттон тышкары өндүрүп алуу тартибин жокко чыгаруу максатында кабыл алынды.

КРнын Жарандык кодексинин 335-беренеси жана “Күрөө жөнүндө” мыйзамынын 62-беренеси боюнча, "күрөөгө коюлган мүлк жеке адамдын менчик укугуна тиешелүү жалгыз турак жайы болуп саналса, күрөөнүн предметин өндүрүп алууга соттун чечими боюнча гана жол берилет" деген толуктоолор киргизилди. 

“Күрөө жөнүндө” мыйзамдын 65, 72-беренелерине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, күрөөгө коюлган мүлк жеке адамдын менчик укугуна тиешелүү жалгыз турак жайы болуп саналса, күрөөгө коюлган адамды жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүн үйдөн чыгарууга, ошондой эле турак жайды ачык сатууга соттун  чечими боюнча гана жол берилет.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 26-декабрында кабыл алынган мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: