super.kg logo
  Саясат  

Данил Ибраев: "Бажы биримдигине кирсек, экспорт жана реэкспорт көлөмү азаят"

 
Бүгүн, 7-февралда КСДП фракциясынын жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине (ББ) кирүү маселеси каралды. Анда экономика министринин орун басары Данил Ибраев ББга кирүү менен экспорт жана реэкспорт көлөмү азая турганын билдирди. 
"Демек, биз ири базарларыбыздын келечек тагдырын да ойлошубуз керек. Эгер жалпы экспорт агымы жапырт буулса, ал экономикалык эле эмес, социалдык мүнөзгө ээ болору бышык. Эмгек мигранттарынын укуктары да эске алынуусу зарыл",- деди ал.
 

Жыйында Экономика министрлигинин Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу жүрүмүнүн учурдагы абалы тууралуу маалыматы эске алынды. Маселе ББга кошулуунун "жол картасы" толук иштелип чыккандан кийин кайра талкууга коюлат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: