super.kg logo
  Саясат  

“ИИМ академиясы коррупцияга малынды” деп күнөөлөгөн окуу жайдын кызматкери сотко келбей жатат

 

“ИИМ академиясы тендерлерди коррупция жолу менен өткөрөт жана курсанттарга чириген кактардан компот жасап берет” деп күнөөлөгөн окуу жайдын кызматкери Афтандил Кадыркулов сотко келбей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда академиянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 8-январында ИИМ академиясы ишкердик беделди коргоо боюнча доо арызды Свердлов сотуна берген. Азыркы учурга чейин эки сот отуруму өткөрүлгөн, бирок экөөнө тең полковник Афтандил Кадыркулов келбей койгон. 

Мындан сырткары мыйзамсыз жашап келген окуу жайдын жатаканасында көрүнбөй калган.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 8-январында ИИМ академиясынын сырттан окуу боюнча факультетинин башчысы, полковник Афтандил Кадыркулов окуу жайдын тамак-аш тармагындагы коррупциялык фактылары менен маалымат жыйында бөлүшкөн. Анда азык-түлүктөр ашыра көтөрүлгөн баа менен сатылып алынгандыгын жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: