КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев иш сапарынын алкагында Сочи шаарына келди





Бүгүн, 7-февралда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев иш сапарынын алкагында Орусиянын Сочи шаарына келди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаевди Мамлекеттик Думанын кызматчысы Леонид Слуцкий, Сочи шаарынын башчысынын орун басары Ирина Владимирская жана Орусиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов тосушту.
Эскерте кетсек, президенттин басма сөз кызматы “11-февралда Москва шаарында Алмазбек Атамбаевдин Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушуусу пландалууда" деп билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

