Эсенгул Исаков каржы министрине "Штатты кыскартпай туруп бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысын көтөрсө болбойбу?" деди
Жогорку Кеңештин "Ар-намыс" фракциясынын бүгүн, 7-февралдагы жыйынында каржы министри Ольга Лаврованын министрлик тарабынан 2013-жылы жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматы талкууга алынды. Анда депутат Эсенгул Исаков өткөн жылы мугалимдердин эмгек акысы жогорулатылганына карабастан, алардын педагогикалык тажрыйбасы менен адистигине кошумча төлөмдөрү боюнча маселе ушул кезге чейин чечилбей келатканын эске салды.
"Каржы министрлиги маяна берип жатат, бирок кошумча төлөмдөрдү эске албайт. Эгер бюджет кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлсө, штаттык бирдик кыскарат. Штатты кыскартпай эле эмгек акыны жогорулатуу үчүн кошумча каражат издеп тапса болбойбу?"- деди Исаков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

