super.kg logo
  Саясат  

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Сокулук районунун активдери менен жолугушту

 

“Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 7-февралда Чүй облусунун Сокулук районунун активдери – айыл өкмөттөрүнүн башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана райондогу мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады. 

Фракция лидери президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт менен биргеликте өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган иштерди тизмектеп, алардын айрымдарына токтолду. 

Ошону менен катар мыйзам чыгаруу органынын өкүлү катары “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары тарабынан элдин турмушун оңдоо максатында демилгеленген мыйзам долбоорлорун, айрым кабыл алынган мыйзамдарды чечмелеп берди.

Катышуучулар элдин турмушунда ыкчам чечүүнү талап кылган жер тилкелерин трансформациялоо, дачаларга айыл макамын берүү, мектептердин электр кубаты үчүн төлөмүн азайтуу сындуу маселелерди депутаттын алдына коюшту.

Эл өкүлү көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн чечилишин өкмөттөн талап кыларын белгилеп өттү. Ал эми жергиликтүү деңгээлде көтөрүлгөн маселелердин чечилиши боюнча райондун жетекчилиги түшүндүрмө берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: