super.kg logo
  Саясат  

"Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу" жарлыкка кол коюлду

 

Бүгүн, 7-февралда өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жарлыкта 2013-2017-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, Коргоо кеңеши 2014-жылдын 3-февралында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө маселени карап чыкты жана эгемендиктин биринчи жылдарында калыптанган диний чөйрөдөгү процесстерди жөнгө салуудан мамлекеттик органдардын обочолонушунун практикасы жаңылыш деп тааныганы айтылат.

Адамдын укуктарын жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу боюнча КРнын Конституциясынын жоболорунун негизинде диний уюмдардын ишин жөнгө салуунун так системин түзүү зарылдыгы мамлекеттин биринчи кезектеги милдети деп аныкталды.

Кыргыз өкмөтүнө, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик уюмдарына Коргоо кеңешинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жумушчу тобуна диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө чечиминде аныкталган милдеттерди аткарууга жана чараларды ишке ашырууга кечиктирбестен киришүү милдети тапшырылды.

Жарандык коомдун уюмдарына, диний уюмдарга, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгына өздөрүнүн практикалык ишин конфессиялар аралык ынтымакты жана диний сабырдуулукту бекемдөөгө багыттоо Коргоо кеңешинин жогоруда аталган чечиминен келип чыккан милдеттерди аткаруу боюнча мамлекеттик органдар менен өз ара жигердүү аракеттенүү сунуш кылынды.

Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгына жүктөлдү.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: