super.kg logo

Жылнаама, 8-февраль: Мындан 40 жыл мурун борбор шаардагы биринчи көп кабаттуу үйдүн курулушу бүткөн

 

* Мындан 40 жыл мурун, 1974-жылы Бишкек шаарындагы биринчи көп кабаттуу үйдүн курулушу бүткөн. 12 кабаттуу турак үй Тынчтык проспекти менен Айни көчөсүнүн кесилишине салынып, анын жер төлө жана биринчи кабатында ашкана, "Балдар дүйнөсү" деп аталган дүкөн, майда эмерек оңдоочу жайлар орун алган. Кыргызстан, айрыкча борбор шаар орун алган жер жогорку сейсмикалык аймакка киргендиктен, бул убакытка чейин мындай көп кабаттуу үйлөр курулбай келген.

* Мындан 83 жыл мурун, 1931-жылы техника илимдеринин доктору Айтматов Ильгиз Төрөкулович Бишкек шаарында туулган. 1954-жылы Москвадагы Геология-чалгындоо институтун бүтүргөн. Геология башкармалыгынын геология-чалгындоо партиясында жана Кыргызстандагы каменск экспедициясында инженер болуп иштеген. КСРБ ИАсынын Тоо-кен иштери боюнча инcтитутунда аспирантурада окуп, кийин Кыргыз КСР ИАсынын Физика жана тоо тектеринин механикасы институтунда кенже илимий кызматкер, лаборатория башчысы, директордун илим боюнча орун басары, мүдүрү, ИАнын физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен геологиялык илимдер бөлүмүнүн академик-катчысы, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти болуп иштеп келген. 

Ильгиз Айтматов - техникалык илимдердин доктору, профессор. Кыргыз улуттук ИАсынын академиги, корреспондент-мүчөсү, Эл аралык илимдер академиясынын мүчөсү. 

150дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 7 монографиянын автору. 

* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы XIX Олимпиада оюндары АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында өткөрүлгөн. Ага 77 өлкөдөн 2531 спортчу катышкан. Олимпиаданын жүрүшүндө америкалыктардын өз өлкөсүн терең сүйгөн патриоттук көз караштагы мамилелери ар бир жерде байкалып турган. Себеби андан бир жыл мурун, 2001-жылдын 11-сентябрында болуп өткөн кайгылуу окуя америкалыктардын элсинен али кете элек эле. Жалпы жыйынтыкта Орусиянын командасы 4-орунга ээ болгон.

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: