super.kg logo
  Саясат  

БШК Эркин Алымбековдун мандатын тапшыруу боюнча арызын канааттандырды

 

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Эркин Алымбековдун мандатын тапшыруу боюнча арызын канааттандырды. Муну БШКнын маалымат кызматынан билдиришти. Алымбековдун ордуна "Ата Мекен" партиясынын тизмеси боюнча Улан Нуркулов депутат болуп бекитилет.

Эскерте кетсек, парламенттин 5-февралдагы жыйынында депутат "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштап жаткан меморандум кыргыз элинин кызыкчылыгына жооп бербейт. Бул меморандум Жогорку Кеңештен колдоо таап кетсе, мен депутаттыктан кетем" деген эле. Буга чейин өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча үлүштү 67 пайызга жеткирүү мүмкүн эмес экенин, эгер 67 пайызга жеткирем деген бирөө чыкса, ордун бошотуп бере турганын айтып келген. Парламент жыйынында депутат Алымбеков: "Мен үлүштү 67 пайызга жеткирем. Мага премьерликтин кереги жок, вице-премьерлик статус бергиле, 1 жылда үлүштү 67 пайыз кылам, анте албасам мени камасын",- деген.

Бул ортодо "Республика" фракциясы да азыркы өкмөт кетсе, үлүштү 67 пайыз кылууга мүмкүн экенин жарыялады. Бирок Сатыбалдиев "67 пайыз кыла алам деген адам чыкса, ордумду бошотуп берем" деген сөзүнө турган жок.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: