Бишкекте илим, техника жана өндүрүштүн республикалык жумалыгы өтөт
10-февралда саат 10:00дө Улуттук илимдер академиясында Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы илим, техника жана өндүрүштүн республикалык жумалыгынын ачылышын өткөрөт.
Маалыматка таянсак, жумалык жаштарды илимди, илимдин ар кыл тармактарындагы ишмердиктин жаңы технологияларын изилдөөгө, алган билимдерин өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө багыттоо үчүн уюштурулганы жатат. Ага шаардагы мектептердин 8-11-класстарынын 200дөй окуучусу катышат.
Окуучулардын бул багыттагы эң мыкты эмгектери 2014-жылы Кыргызстанда өтүүчү Эл аралык XIX астрономиялык олимпиаданын каталогуна киргизилмекчи.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

