super.kg logo
  Саясат  

ИИМ акыйкатчыны факт менен сүйлөөгө чакырды  

 

Ички иштер министрлиги Саруудагы кырдаал боюнча акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин маалыматын четке какты. Акыйкатчы буга чейин “укук коргоо органдары бирөөлөрдүн үйүн тинтип, митингге чыккандардын бир туугандарын жана ата-энелерин токмоктобой, ар бир кыргызстандыктын коопсуздугун камсыз кылышы керек” деп билдирген эле. ИИМ буларды маалымдады:

“Бирөөлөрдүн үйүнө кирүү жана Саруу айылынын тургундарын сабоо фактысы болгон жок. Укук коргоо кызматкерлери 2013-жылдын 7-октябрындагы Каракол шаарындагы баш аламандыктын активдүү уюштуруучусун кармоо үчүн берилген тапшырманы аткарды. Бул үчүн аларда соттун санкциясы жана тийиштүү органдардын тапшырмасы болгон. Жарандардын коопсуздугун жана укуктарын коргоодо милиция кызматкерлери өтө оор кырдаалдарда кызматтык милдеттерин аткарууга туура келет. Акыйкатчы түшүнүксүз позицияны карманууда, эмне, укук коргоо кызматкерлери Кыргызстандын жараны эмеспи? Эмне үчүн ал мындай учурда бир тараптын гана кызыкчылыгын коргойт?”

ИИМ акыйкатчыны факт менен сүйлөөгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: