super.kg logo
  Саясат  

Ала-Букада кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн өспүрүмдөр менен тегерек стол өттү

 

7-февралда Ала-Бука районундагы Т.Балтагулов, Н.Орозалиев, А.Акпаралиев жана А.Турабаев атындагы  орто  мектептердин 10-11-класстарынын окуучулары менен тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек стол “Өспүрүмдөр кылмыштуулукка каршы” деген ураандын астында өткөнүн Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы билдирет. Иш-чаранын максаты - окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана улуттар ортосундагы достукту, ынтымакты чындоо, жаштардын аң-сезимин жогорулатуу, өспүрүмдөрдү милициянын  катарына тартуу жана спортко шыктандыруу. Тегерек столго 4 мектептен 120дай окуучу, билим берүү  бөлүмдөрүнүн жетекчилери, орто мектептин директорлору, мугалимдер жана башкалар катышты.

“Жалал-Абад облусундагы башка мектептерде да “Мекеним менин - Кыргызстан!” аттуу программанын алкагында иш-чаралар өткөрүлүп жатат”,- деп билдирет ОИИББ.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: