super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан: Шайлоо системин өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун отуруму өттү

 

7-февралда президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаевдин төрагалыгы менен шайлоо системин өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму өттү. 

Жумушчу топтун мүчөлөрү Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов менен анын орун басары Гүлнара Журабаева сунуштаган шайлоо системин жана шайлоо технологияларынын моделин талкуулашты. Бул модель боюнча:

- шайлоочулардын тизмеси мүмкүнчүлүккө жараша биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен БШК, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Социалдык фонддун азыркы базаларындагы персоналдуу маалыматтарды салыштыруунун негизинде  түзүлөт;

- ар бир участкалык шайлоо комиссиясы компьютер, добуштарды автоматтык түрдө эсепке алган электрондук урналар, сканерлер, мониторлор, видеокамералар жана маалыматтарды жөнөтүү үчүн байланыш каналдары менен камсыз болот.

Жыйындын жүрүшүндө шайлоо системинин жана шайлоо технологияларынын моделдери кеңири талкууланды. Натыйжада катышуучулар БШК сунуштаган модель шайлоо процессинде биометрикалык маалыматтарды пайдаланууга тыюу салбай тургандыгы менен макул болушту. Шайлоо технологиясынын сунушталган моделин Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук  кеңештин 2014-жылдын 25-февралындагы отурумуна сунуш кылуу тууралуу чечим кабыл алынды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: