super.kg logo
  Саясат  

Мелис Мырзакматов Ош шаары үчүн көп иштерди жасаганын өкмөт моюнга алды

 

Ош шаарын өнүктүрүүдө шаардын мурунку мэри Мелис Мырзакматов көп иштерди жасаганын вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев белгиледи. “Тайырбек Сарпашев акыркы жылдары Ош шаарын өнүктүрүү жана шаардыктардын жашоосун жакшыртуу боюнча көп иштер аткарылганын белгиледи”,- деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы. Айта кетсек, 7-февралда Ош шаардык мэриясында коллегиялык жыйынга катышкан вице-премьер буларды кошумчалады:

“Муну менен бирге Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүү, экономикалык жана билим берүү дареметин жогорулатуу боюнча жетекчилик алдында чоң милдеттер бар. Өнөр жайды өнүктүрүүгө  өзгөчө көңүл бурулуусу керек. Бул үчүн инвесторлор менен активдүү жана тыгыз иш алып баруу менен бирге калкты да унутпоо зарыл. Ош – көп улуттуу шаар, улуттар аралык биримдикти сактоо - тургундардын жеңиши”. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: