super.kg logo
  Саясат  

Сочи: Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин жолугушту

 

Бүгүн, 8-февралда президент Алмазбек Атамбаев Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Өлкө башчы Сочиде XXII Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышууга чакыргандыгы үчүн Путинге ыраазычылык билдирди жана Олимпиаданын ийгиликтүү ачылышы менен куттуктады. Владимир Путин кыргыз кесиптешине Сочи шаарындагы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

“Жолугушууга негиз болгон окуялар тууралуу кыскача сүйлөшкөнгө гана эмес, аймактык көйгөйлөрдү талкуулоого, эки тараптуу мамилелер тууралуу сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Орусия Кыргызстандын эң негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп кала берет, андан сырткары товар жүгүртүү кеңейүүдө. Товар жүгүртүү дээрлик 18 пайызга өстү. Бул абдан жакшы саамалык. Мындай тенденцияны сакташ керек. Өз ара кызматташуубуздун бардык аспекттери боюнча деталдуу сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк бар экенине кубанычтуумун”,- деди Орусия президенти.

Президенттер жакынкы күндөрү биринчи вице-премьер-министрлердин жетекчилиги алдында евразиялык интеграциялык процесстерге Кыргызстандын катышуусуна байланыштуу позициялардын жакындашуусу боюнча иш башталары тууралуу макулдашышты. Өлкөнүн Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулууда кандайдыр бир тобокелдиктер болбоо максатында эки өлкөнүн өкмөттөрү Кыргызстандын экономикасынын түзүмдөрүн адаптациялоо боюнча чараларды иштеп чыгышат.

Алмазбек Атамбаев эки тараптуу кыргыз-орусиялык мамилелер стратегиялык өнөктөштүк маанайда өнүгүп жатканын белгиледи.






А.Атамбаев менен В.Путиндин Сочидеги жолугушуусу-1

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: