Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда "Тарых жана этнопедагогика" борбору ачылды
Ректор Бекмурза Зулуев келген конокторго ыраазычылыгын билдирип жаткан учур


Ректор Бекмурза Зулуев келген конокторго ыраазычылыгын билдирип жаткан учур

«Тарых жана Этнопедагогика» борбору

Келген коноктор
Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун гуманитардык факультетинде "Тарых жана этнопедагогика" борбору ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Борбордун ачылышына окуу жайдын жетекчилери, этнографтар, белгилүү тарыхчылар, шаардык кеңештин депутаты А.Нурбаев, Ош шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Кимсанов, окутуучулар жана студенттер катышышты.
"Мындай борбордун ачылышы студенттерибиздин билим алуусуна, элдик педагогикага болгон түшүнүгүн кеңейтүүгө бир топ жардам берет. Заманбап көргөзмө куралдар менен жабдылышы окутуучулардын сабак өтүүсүн жеңилдетет",- деди окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

