Виталий Кличко: “Янукович менин түрмөгө камалышымды каалап жатат”
Украинанын
президенти Виктор Янукович оппозиция лидери Виталий Кличкону түрмөгө камагысы
келет. Муну 9-февралда Кличко өзүнүн интернет баракчасы аркылуу билдирди. Айтымында,
акыркы жолугушуулардын биринде президент: “Кличко мырза, биз парламентти таркатып жибере алабыз. Андан кийин сизде
иммунитет калбайт”,- деген.
Автор: Автандил Добулбеков
“Юлия Тимошенко
сыяктуу мени да түрмөдөн көргүсү келип жатат”,- деген Кличко президенттикке катыштырбоо үчүн
Янукович болгон күчүн жумшап жатканын кошумчалайт.
Буга чейин
Виталий Кличко президент Януковичти Майданга келип, дебатка катышууга чакырган,
бирок өлкө жетекчиси баш тарткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

