Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” кафесинде санитардык талаптарды бузуу фактысы аныкталды



Борбор калаадагы “Ала-Арча” кафесинде санитардык талаптарды бузуу фактысы аныкталды. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 10-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын санитардык-экологиялык инспекциясы жүргүзгөн рейддин негизинде аталган мекеменин кызматкерлери тарабынан Матыев көчөсүнө курулуш таштандыларын таштоо фактысы катталган.
Учурда кафенин жетекчисинин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489-беренесине ылайык протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

