super.kg logo
  Саясат  

Ош. Султан ажы Гапуров, мурдагы казы: “Казыятка таандык каражат 10 миң доллар дешкени туура эмес, 300 миң сом болчу” 

 

7-февралда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы "Муфтияттын иш башкармалыгы Ош облустук казыятынын мурунку казысы Султанали Гапуровдон Ош облустук казыятына таандык 10 000 (он миң) АКШ долларын жана кызматтык унааны үч күндүн ичинде казыятка өткөрүп берүүнү талап кылат. Болбосо ээнбаштык кылгандыгы жана мыйзамды бузгандыгы үчүн күч органдарына кайрылууга туура келет" деген билдирүү тараткан. 

Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда мурдагы казы Султан ажы Гапуров: “Казыятка таандык каражатты 10 миң доллар дешкени туура эмес, мен эсептешкенде 300 миң сом болчу”,- деди.

“Мен кызматымдан кокусунан эле кетип калдым. Айтылып жаткан унаа мага бир жарым жыл мурун берилген эле. Бишкекке айдап баргам, бузулуп калган. Унааны сураганда анын бузулуп жатканын айтып, "ошол жактан алдырып алгыла" дедим. Ал эми акчанын суммасын туура эмес айтып жатышат. Ооба, эсептешип келгенде мен бересе болуп калган 200-300 миң сом болчу. Аны 3 күндүн ичинде алып барып берем дегенмин. Бирок 10 миң АКШ доллары эмес болчу”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: