Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектеги опера жана балет театрынын артисттери менен жолугушат
Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев баштаган депутаттар тобу А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына барат. Муну бүгүн, 10-февралда парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Чыгармачыл жамаат менен жолугушууда коюлган спектаклдердин сапатын жакшыртуу, театр кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселелери талкууланмакчы.
Жолугушуу 11-февралда саат 15:00дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

