super.kg logo
  Саясат  

Кант шаарындагы канализациялар оңдолот

 

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин 10-февралдагы жыйынында “Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо” долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргызстан менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору талкууланды.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, долбоорду каржылоонун жалпы суммасы 6.5 миллион евро. Төлөө мөөнөтү 3 жылдык жеңилдик берилген мезгилди кошкондо 15 жыл. Үстөгү 1 пайыз.

Бул акчага Кант шаарынын бөлүштүрүү түйүндөрү, канализациялар менен тазалоочу курулмалар жаңыланат, суу тармактары кеңейтилип, алмаштырылат, суу топтоо жайы реконструкцияланат жана насостук станциялар алмаштырылат.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун колдоого алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: