Түндүк-түштүк кошумча унаа жолунун курулушу март айында башталат
Кыргызстанда түндүк-түштүк кошумча
унаа жолунун курулушу 2014-жылдын март айында башталат. Муну бүгүн, 10-февралда
SUPER.KG порталына “Кыргызжолтрансдолбоор” долбоорлоо жана изилдөө институтунун
директору Жамшит Калилов билдирди. Айтымында, жол Жалал-Абаддан Казарманды
көздөй курула баштайт.
Автор: Автандил Добулбеков
“Жолдун курулушу 3 этап менен бүтөт. Биринчиси – Жалал-Абад – Казарман,
экинчиси – Казарман – Арал, үчүнчүсү – Арал – Балыкчы. Биринчи бөлүк үчүн 400
миллион доллар жумшалат, ал акча бар. Учурда экинчи этап үчүн каражат
караштырып жатабыз, анткени убакыт чектелүү. Курулуш иши тынымсыз уланышы керек”,- деди Калилов.
Айта кетсек, түндүк-түштүк кошумча унаа жолу 5
жылдын ичинде бүтүп, колдонууга берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
2

