Ош шаарынын борбордук көчөсүн унаа тыгынынан арылтуу үчүн бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү
Ош шаарынын борбордук көчөсүн унаа тыгынынан арылтуу үчүн бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. Мэриянын өнөр жай жана ишкерликти өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Алик Мырзалиев түштүк борбордогу Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилиши унаа тыгындарына толуп кеткенин айткан. Жол кыймылын жөнгө салуу максатында Ош - Бишкек жана Ош - Чоң-Алай каттамындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалар “Аргымак” унаа токтоочу жайына которулду. Аталган унаа жайында бардык шарттар түзүлгөн. Айдоочулар бул чечимге каршы чыгышкан эмес. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

