super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте 12-кичи райондогу курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн орду мыйзамсыз сатылган

 

Парламенттин Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин 10-февралдагы жыйынында баш калаанын 12-кичи районунда көп кабаттуу үйдүн мыйзамсыз курулушу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы маалымат берди.

Бишкек шаарынын прокурорунун милдетин аткаруучу Кубанычбек Шатеновдун айтымында, 12-кичи райондун С.Каралаев көчөсүндөгү 0,431 гектар жер тилкеси шаардык мэриянын токтому менен соода-кызмат көрсөтүү комплексин куруу үчүн 2004-жылы сатылган. Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарбасы агенттиги менен Бишкек шаардык архитектура, курулуш башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан курулушка уруксат берүүчү мамлекеттик акты жана документтердин мыйзам бузуу жолу менен түзүлгөндүгү аныкталды. Бул боюнча кылмыш ишинин бети ачылып, мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекцияга экспертизага жөнөтүлдү.

Депутаттар бул иш боюнча экспертизанын жыйынтыгын кийинки аптада кароо чечимин кабыл алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: