super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер-министр жетим балдарга колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик программаны иштеп чыгуу керектигин айтты

 

Жетим балдарга колдоо көрсөтүүчү мамлекеттик программаны иштеп чыгуу абзел. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева балдар үйү жана жетим балдарды турак жай менен камсыздоо маселесин талкуулаган кеңешмеде айтты.

Социалдык өнүктүрүү, Эмгек, миграция жана жаштар, Билим берүү жана илим министрликтеринин маалыматын уккан вице-премьер-министр жетим балдар маселеси өлкөдө дагы деле чечилбей жатканына токтолду.

“Жетим балдарды турак жай менен камсыздоо маселеси курч бойдон турат. Бул максатта жетим балдарга колдоо көрсөтө тургандай, билим берүү жана ишке орноштуруу, анан, албетте, турак жай менен камсыздоого багытталган иш-чаралары толук жазылган мамлекеттик программаны иштеп чыгуубуз керек. Бул маселени бардык нукта, учурдагы мыйзамдарды карап чыгуу менен, каржылоо жагын, жетим балдар менен майыптардын социалдык ийкемдүүлүгүн эске алуу менен кароо абзел. Бардык мамлекеттик түзүмдөр, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, сөз болгон маселе боюнча сунуш бериңиздер”,- деди вице-премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: