super.kg logo
  Саясат  

Жакыр үй-бүлөдөгү балдардын жөлөк пулун 735 сомго чейин көбөйтүү сунушталууда

 

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдарга берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмүн 2014-жылдын апрель айынан тарта көбөйтүү тууралуу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн кайрылуусу каралды.

Депутат Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, балдарга берилүүчү жөлөк пулду республикалык бюджетте каралган каражаттын чегинде 735 сомго чейин көбөйтүү өтүнүчү менен комитетке кайрылуу түшкөн.

Жарандык коомдун өкүлү Бурул Макенбаева 2014-жылга карата балдардын жатак-үйлөрүнө каралган акча көбөйгөнү менен, жакыр үй-бүлөнүн балдарына берилип келген жөлөк пул 10 пайызга кыскарып, 640 сомду түзүп калганын айтты. Депутат Надира Нарматова мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат талап кылынбай турганын, балдардын жөлөк пулу мурда бекитилген бюджет чегинде гана көбөйтүлүп жатканын белгиледи. Бюджетте 379 миң балага 640 сомдон жөлөк пул берүү үчүн 2 миллиард 844 миллион сом каралса, ушу тапта 336 миң гана балага жөлөк пул берилип жатат.

Социалдык коргоо министрлигине жана Каржы министрлигине аталган факты боюнча кийинки жыйында так жооп айтуу тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: