super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары кесиптик-техникалык окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты

 

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко, Бахтияр Кадыров жана Элмира Жумалиева Бишкек шаарындагы №20, 91, 94 жана 4-кесиптик-техникалык окуу жайларынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттар окуу жайлардын педагогикалык эмгек жамааты жана окуучулар менен жолугушуп, окуу корпустарынан, устаканалардын абалынан кабар алышты.

Окуу имараттарынын абалдарына токтолгон депутат Н.Никитенко: “Республикалык бюджеттен окутуучулардын эмгек акысы менен окуу стипендияларына гана каражат бөлүнөт. Буга байланыштуу практикалык окуулардын материалдарын окуучулар өздөрү сатып алууга аргасыз. Ар кандай сынактарга катышкан окутуучулар керектүү материалдарды алып, имараттарды оңдоп-түзөшүүдө”,- дейт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: