super.kg logo
  Саясат  

А.Атамбаев кылмышкерлердин колунан каза тапкан милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө 100 миң сом берди

 

Президент Алмазбек Атамбаев кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза тапкан милиция кызматкери Бакыт Абдраевдин үй-бүлөсүнө 100 миң сом, жаракат алган милиция кызматкери Аскарбек уулу Таштанбекке 50 миң сом жардам берди. Акча Президенттин резервдик фондунан бөлүнгөнүн президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчы маркум Бакыт Абдраевдин жакындарына көңүл айтат жана Аскарбек уулу Таштанбектин батыраак сакайышын каалайт. 

Эскерте кетсек, 9-февралда Боом капчыгайында белгисиз бирөөлөр милиция кызматкерлерине кол салышкан. Алардын бири - Чүй облусунун Жаңы-Жер айылынын тургуну Магомедов Заур Мухтарович, 1986-жылы туулган. Ал психикалык жактан оорулуу экени белгилүү болду. Экинчиси – Арчаев Бердимурат Нурбердиевич, 1971-жылы Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында туулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: