Каракол шаарынын 145 жылдыгына карата “Менин сүйүктүү шаарым” аттуу кышкы фестиваль өтөт
Караколдо шаардын 145 жылдыгына карата “Менин сүйүктүү шаарым” аттуу кышкы фестиваль өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, фестивалды өткөрүү үчүн атайын комитет жана иш-чаралардын планы түзүлгөн. Каракол шаарынын мэриясынын маалымат, маданият жана туризм бөлүмүнүн маалыматына ылайык, фестивалдын программасын бекитип берүү үчүн окуу жайлардын жетекчилерине тапшырма берилген. Аталган фестиваль 14-февралда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.