super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Бишкек шаарындагы бир катар кесиптик-техникалык окуу жайларынын абалы менен таанышты

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Наталья Никитенко, Бахтияр Кадыров жана Элмира Жумалиева Бишкек шаарындагы №20, 91, 94 жана 4-кесиптик-техникалык окуу жайларынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады. 

Депутаттар окуу жайлардын педагогикалык эмгек жамааты жана окуучулар менен жолугушуп, окуу корпустары менен устаканалардын абалынан кабар алышты. №4-кесиптик окуу жайында эл өкүлдөрү менен борбордогу кесиптик окуу жайлардын директорлорунун жолугушуусу болуп, кесиптик билим берүү жаатындагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды. 

Окуу имараттарынын абалдарына токтолгон депутат Н.Никитенко компаниялар, эл аралык уюмдар менен кызматташып, айрым оңдоо иштерин өз алдынча жасап жаткан директорлордун активдүүлүгүн баса белгиледи. 

"Республикалык бюджеттен окутуучулардын эмгек акысы менен окуу стипендияларына гана каражат бөлүнөт. Буга байланыштуу практикалык окуулардын материалдарын окуучулар өздөрү сатып алууга аргасыз. Ар кандай сынактарга катышкан окутуучулар керектүү материалдарды алып, имараттарды оңдоп-түзөшүүдө",- деди эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: