super.kg logo
  Саясат  

Францияда сот казакстандык олигарх Мухтар Аблязовду Орусияга өткөрүп берүү боюнча өкүм чыгарды

 

Франциянын Экс-ан-Прованс шаардык соту Мухтар Аблязовду Орусияга экстрадициялоо боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу 10-февралда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, казакстандык саясатчы жана миллиондорду капчыгына салып өлкөсүнөн качып кеткен ишкер Мухтар Аблязовду Орусияга экстрадициялоо боюнча Франция сотунун өкүмүнө макул болбой, доо арыз жазууга ниеттенишүүдө.

“Биз Аблязовго соттун өкүмүн жокко чыгарууну ниеттенүүдөбүз. Ага Францияда баш калкалоону сурайбыз”, - деди Аблязовдун адвокаты.

Эскерте кетсек, Мухтар Аблязов Казакстандын мурдагы энергетика, индустрия жана соода-сатык министри, ошондой эле БТА банкынын директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы болгон. БТА банкы Казакстан өкмөтүнүн көзөмөлүнө өткөндөн кийин, 2009-жылы ал өз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Аблязов буга чейин Казакстанда каржылык махинация иштери боюнча айыпталып, соттук иликтөөлөр башталары менен ага эл аралык издөө жарыяланган. Ал 2011-жылдан 2012-жылга чейин Улуу Британияда баш калкалап, андан соң изин жашырып жүргөн.

2013-жылдын июнь айында Мухтар Аблязов мыйзамсыз түрдө Осмонов Нурдин Бекиевич наамындагы Кыргызстандын паспортун алгандыгы маалым болгон. Буга Аблязов өзүнүн интернет-баракчасына Кыргызстандын паспортун албаганын жазып чыккан.

2013-жылдын 31-июль күнүндө Франциянын түштүгүндөгү Ница шаарынан кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: