Жогорку Сот мэр шайлоонун жыйынтыгы боюнча “Улуттар биримдиги” партиясынын арызын канааттандырган жок
Жогорку Сот мэр шайлоонун жыйынтыгы боюнча “Улуттар биримдиги” партиясынын арызын канааттандырган жок. Мындай чечим Кыргыз Республикасындагы Жогорку Соттун коллегиясында чыгарылды. Буга чейинки эки сот да арызды канааттандырган эмес.
Аталган партиянын адвокаты шайлоо процессиндеги мыйзам бузуу тууралуу видеожазуунун көрсөтүлбөгөнүн айткан. Сот мындай материалдарга баа берүү Борбордук шайлоо комиссиясынын милдетине кирерин билдирген.
Эске салсак, 15-январдагы Ош шаарындагы мэр шайлоодо Мелис Мырзакматов 19, Айтмамат Кадырбаев 25 добушка ээ болгон. Мырзакматовдун партиялаштары шайлоонун жыйынтыгы боюнча сотко кайрылышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

