super.kg logo

Бишкектеги Кыргыз-япон борборунда “Какидзоме” аттуу акция өтөт

 

Бишкектеги Кыргыз-япон өнүктүрүү борборунда 15-февраль күнү “Какидзоме” аттуу акция өтөт. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти. Маалыматка ылайык, какидзоме – Жаңы жылдагы алгачкы каллиграфтык жазуу. Бул фестиваль илгертеден бери белгиленип келген. Анда япон эли ыйык булактын суусу менен атайын кошулманы аралаштырып Жаңы жылдагы тилектерин жазып калтырышат. “Узун өмүр”, “жаз”, “түбөлүк жаштык” сыяктуу сөздөрдү жазуу салтка айланган. 

Учурда Япониядагы мектеп окуучулары кышкы эс алуу учурунда какидзоме жазуу боюнча тапшырмаларды алышат. Каллиграфтык жазуудагы каалоо-тилектерин Сагичеу фестивалында күйгүзүшөт. Күйгүзүлгөн каттын учкундары бийиктикке көтөрүлгөнү жакшы жөрөлгө деп саналат. 

Акциянын катышуучулары Япониянын салттуу оюндары менен да тааныша алышат. Иш-чара саат 11:00дө башталат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: