Депутат Бакыт Калмаматов мыйзам чыгаруу жаатында өкмөт иштей албай жатканын айтты
Бүгүн, 11-февралда ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Бакыт Калмаматов мыйзам чыгаруу жаатында өкмөт иштей албай жатканын айтты. “Өнүккөн өлкөлөрдө мыйзамдардын 80-90 пайызын өкмөт жазып, парламент кабыл алат. Бизде тескерисинче. Бизде мыйзамдардын аткарылбай калышы ушул жерден башталууда. Анткени өкмөт өзү жүргүзгөн реформа боюнча мыйзамдарды иштеп чыгышы керек”,- деди депутат. Жыйында жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулду көтөрүү маселеси каралууда.
“Биз бул мыйзамды кабыл алганыбыз менен, Жол-кайгуул кызматы МАИчилерге бөлүнгөн акчаны толук бербей, “ырыскыңар көчөдө, ошол жактан кийимиңерди бүтөп, бензиниңерди куюп жаныңарды баккыла” деп жатпайбы?”- деди Калмаматов. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

