БШКнын төрагасы: “Жогорку Кеңешке кайрылып, 30 күндөн ашык ишке чыкпаган депутаттарды сурасак, андайлар жок экенин айтышты. Н.Сулайманов 2012-жылдан бери ишке чыккан эмес”
Жогорку Кеңештин Регламент жана
депутаттык этика комитетинде бүгүн, 11-февралда депутат Нурлан Сулаймановдун
мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратылышы талкууланды. Борбордук шайлоо
комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов:
Автор: Автандил Добулбеков
“Биз парламентке, анын ичинде Жогорку Кеңештин
Регламент жана депутаттык этика комитетине кайрылып, 30 күндөн ашык жумушка
чыкпаган депутаттардын тизмесин берүүнү сурадык. Бизге “андай депутаттар жок”
деген жооп келди. Андан кийин Мамлекеттик чек ара кызматына кайрылдык. Анда
депутат Нурлан Сулаймановдун 2012-жылдын 26-июнунда өлкөдөн чыгып кетип, ошол
бойдон келе элеги белгилүү болду. Ошондон кийин аны мандатынан ажыратуу чечими
кабыл алынды”,- деп билдирди.
Эскерте кетсек, аталган депутат 2014-жылдын 31-январында мандатынан ажыратылган. Буга чейин бир катар
депутаттар Н.Сулайманов тууралуу БШК өз алдынча чечим чыгарып, чектен чыгып
кеткенин айтышкан болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

