Турсунбай Бакир уулу чет өлкөгө чыга турган депутаттардын бир айлык тизмесин түзүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин Регламент жана
депутаттык этика комитетинин 11-февралдагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу
чет өлкөгө чыга турган депутаттардын бир айлык тизмесин түзүүнү сунуш кылды. “Эл аралык иштер боюнча
комитети ушундай тизме түзсүн да, депутаттарга таратып берсин. Ошондо
депутаттар эле эмес, журналисттер, коомчулук кайсы депутат кайда, канча жолу барганын
ачык билет”,- деди Бакир уулу. Ал фракция лидерлеринин,
комитет төрагаларынын жана вице-спикерлердин достук топторуна лидерлик
кылуусуна тыюу салууну да сунуштоодо.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

